Кадамжай районунан жана Кызыл-Кыя шаарынан 1000ге жакын адам нааразылык акциясын уюштурушту

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан кийин өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго өкмөт тарабынан коюлган талаптарга каршылык билдирүү үчүн Кадамжай районунан жана Кызыл-Кыя шаарынан 1000ге жакын адам бүгүн, 9-майда Кызыл-Кыя шаарындагы стадиондо нааразылык акциясын уюштурушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алардын талабы - Жеңиш Разаковдун аткарып жаткан жумуштарын аягына чыгаруусуна убакыт берүү. Ошондой эле акциянын катышуучулары: “Азыр кадр өзгөртүүчү убак эмес, андан көрө чек ара маселесин чечкенге жардам берүү керек. Чек ара маселеси бир гана Жеңиш Разаковдун колунда эмес”,- дешти.

Эске салсак, кечээ, 8-майда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевге жергиликтүү тургундар губернаторду алмаштыруу талабын коюшкан эле. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
admin_superstan
2014-05-09 19:14:09
Nemo_0587, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
0
buhaw.93
2014-05-10 00:17:20
ооба туура айтышыптыр кадр озгортуудон мурда чек араны козомолдоону биринчи карап коюнуздар сураныч........Атамбаев бир жолу болсо да Баткен чек арасын ойлоп карап койбоду окшойт эээ ,москвага баргандан мурда президент катары биринчи Баткенге барып баш болуп келбейби
+3
spakleishn
2014-05-10 00:47:17
Баш деген эме барбы озу биздин чон... Чек араны карайбыз деп барышат да карабай эле обед жешип кайтышат.
+1
kristiano
2014-05-10 02:48:46
жердешчилик деген балээден качан кутулаар экенбиз, Жениш ал деген милиция(мент грубо айтканда), ал облус койгойлорун чече албайт
0
kama_future_millioner
2014-05-10 03:12:32
Биринчи кезекте чек ара маселесин чечсенер чондорду алмаштыргандын ордуна
0
artur007
2014-05-10 04:11:33
айланайн чондор урматтуу призидент урматтуу депутатар силер ач курсагынарды ойлобой ач калган элинерди ойлогулачы баткен жергебизде эмне окуялар болтат чек арада эмне кеп барып коруп чек араны тосонор жеринерди сактасанар.
+1
arena2014
2014-05-10 09:02:45
Разаков эмне иш баштаптыр аягына чыккыдай урматтуу жеништин туугандары?
0
kristiano
2014-05-10 14:24:30
Жениш Бабанов мн Арипов Шадиевдердин бизнеин коргоо учун келген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан