Бишкек: Жеңиш майрамына карата ардагерлердин катышуусунда веложүрүш болду (фоторепортаж)    

Бишкекте бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин катышуусунда веложүрүш өттү. Веложарыш саат 18:00дө Курманжан датка - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен башталды. Анын катышуучулары Манас проспекти менен Чүй проспектине, анан “Ала-Тоо” аянтына барышып, шаардын эски аянтынан токтошту. Жалпысынан 200дөй адам катышты.

Иш-чарада колоннаны согуш ардагерлери отурган 4 автоунаа, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын 5 мотоцикли жана башка унаалар коштоп келишти. 

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, веложүрүштү мэрия бир топ компаниялар менен биргеликте уюштурду. “Бүгүн биз ардагерлерибизди колдоо максатында ушул иш-чараны өткөрдүк. Менин оюмча, абдан жакшы өттү. Анткени ардагерлер унаа менен борбор калааны кыдырып бара жатканда, жарандар аларга кол көтөрүп, жакшы маанайларын тартуулашты”,- деди мэр. Иш-чаранын соңунда Кулматов согуш жана спорт ардагерлерин баалуу сыйлыктар менен сыйлады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kapo1
2014-05-09 21:57:47
кыргыз ардагерлердин баары айыл жактарда алар менен эч кимдин иши жок
-1
spakleishn
2014-05-09 23:28:59
Улуу жениш майрамыда отту эми иштеш керек депутаттар.
+1
Bodibilding
2014-05-10 01:46:56
Айылдагы ардагерлер не болду.
0
kama_future_millioner
2014-05-10 03:16:23
Кыргызстан боюнча аз гана согуш ардагерлер бар алардын арасында айыл жергесинде дагы ардагерлер мн да байланышып окмот кабарлашып турса жакшы болот
0
munara-55
2014-05-10 09:08:30
Мэрдин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине берген,,баалуу》белеги шахматпы?
0
aikol87
2014-05-10 10:00:37
munara-55, туура айтасын.
0
aikol87
2014-05-10 10:04:04
Зерикпей ойноп отурушсун десе керекта :-)
0
Erhan
2014-05-10 13:32:44
Угушумча Парадка мамлекет каражат болбоптур парад болбоду деп ушул туурабы? Москвадамын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан