Франциялык окумуштуулар 3D форматындагы күзгү-рентген ойлоп чыгарышты. Бул табылганын өзгөчөлүгү - ага көрүнгөн адам өз ички органдарын көрө алганында. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, бул күзгү-рентген компьютердик техниканын, магниторенанс томографиясынын, рентгендик изилдөөлөрдүн, компьютердик анимациянын жана кыймылдарды кармоочу "Kinect" системинин негизинде жасалган. Ойлоп табуучулардын айтымында, күзгүнүн бетине жайгаштырылган экрандан ар бир адам өз ички органын, сөөк түзүлүштөрүн көрө алат. Алар бул табылганы медицинада, операция жасоонун алдында колдонууга болорун баса белгилешет.