Жалал-Абад шаарында жергиликтүү 3 спортчуга шаар мэри Муктар Арапбаев жана шаардык кеңештин депутаттары батир белек кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2013-жылы эл аралык мелдештерде жеңиш менен кайтып келишкен спортчуларга сертификаттар берилди. Мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришкен. Батирге "Казань-2013" Универсиадасында алыш күрөшү боюнча чемпион болгон Нурбек Аканов, ислам өлкөлөрүнүн арасында өткөн 1,5 чакырым аралыкка чуркоодо 1-орунду жеңген Гүлшанай Сатарова жана Сербияда грек-рим күрөшү боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген Сыргабек Максатбеков ээ болду.