Жалал-Абад облусунун карамагында турган спортзал бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына өттү. Залдын ачкычын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков шаар мэри Муктар Арапбаевге тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 30 миллион сомго бүткөрүлүп, жаңыдан пайдаланууга берилген спортзал Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган.