Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүнүн борбордук базар жагындагы бөлүктөрүндө буга чейин жөө адамдар жүрүүчү тротуар курулуп баштаган. Бүгүндөн тарта көчөнү жашылдандыруу иштери колго алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова билдирди.
Анын айтымында, 75 түп арча, 75 түп кара жыгач көчөттөрү отургузулат жана газон эгилет.