Чүй жана Талас облустарында “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери мектеп окуучуларына электр жабдууларына туура мамиле кылуу шарттарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландоодо. Бул план окуучулардын жайкы каникулга тарап кетүүсүнө чейин ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган ишканадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери “Электр кубаты”, “Электр жабдуулары”, “Электр жабдуулары менен иштөөдө коопсуздукту сактоо”, “Көмөк чордондору” деген темаларда жүргүзүлмөкчү. Энергетика тармагында иштегендер ата-энелерге кайрылып, балдарынын электр жабдуулары менен иштөөсүнө чек коюуну суранып келишет. Себеби токко тартылгандардын басымдуу бөлүгүн 16 жашка чейинки курактагылар түзөт.