Босния жана Герцеговинанын 71 жаштагы тургуну Момир Боджик жыгачтан Фольксваген Жук унаасын жасады. Момир унааны толугу менен жыгачтын кесиндилери менен каптап чыккан. Аны жасоого 2 жылдан ашуун убакытты сарптап, рулун эмен дарагынан даярдаган. Ошол эле учурда унаа көргөзмөгө коюуга ылайыкташкан эмес. Анда бардык функциялар бар.
Момир пенсияга чыгарда кыялындагы унааны иш жүзүндө жасап көрүүнү чечкен да, ага эч кандай темир тетиктерин колдонгон эмес. Анын ордуна эмен дарагынын 50 миң кесиндиси пайдаланылган.
10-майда Момир азык-түлүк сатып алуу үчүн базарга бара жатканда коомчулуктун көңүл чордонунда болгон. Кызыгуусу арткан жарандардын саны арбын болгондуктан, Момирдин унааны айдап чыккан ар бир күнү майрамга айланат. Ошого карабастан, дарактан жасалган Фольксваген Жук унаасы коллекциялык жогорку баада сатылышы ыктымал экени айтылууда.