Хорватиянын Кутьево шаарындагы фермалардын биринде Шарка аттуу эчки гермафродит улак тууду. Анын 8 буту жана 2 жынысы бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ферманын ээси Зоран Папарис алгач мындай өзгөчөлүктөгү улакты көргөндө көргөн көзүнө ишенбеген. "Мен улактын буттарын санагандан кийин "көзүмө кош көрүнүп жатса керек, келесоо болуп калган окшойм" деп өзүм жөнүндө жаман ойлоп кеттим. Анан дароо кошунамды телефон аркылуу чакырдым",- дейт бул окуя тууралуу.
Учурда фермер бул окуяны жаратылыштын сыйкыры деп санап, улакты багууда. Ал эми ветеринарлар улактын көпкө жашабашын, ашып кетсе 1-2 жыл өмүр сүрөрүн айтышууда. Тилекке каршы, азыркы тапта улак бутуна тура элек.