Бишкекте биринчи жолу Эл аралык китеп форуму жана адабият фестивалы өтөт

24-25-ноябрда Бишкекте британдык "Silk Road Media" жана "Hertfordshire Press" басмаларынын уюштуруусунда “Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012” биринчи Эл аралык китеп форуму жана адабият фестивалы өтөт. Анын алкагында адабиятка жана китеп басуунун өнүгүүсүнө басым жасалган китеп көргөзмөлөрүнөн, тегерек столдордон, бет ачарлар менен китеп-музыка окууларынан сырткары кыргыз жазуучуларынын арасында “Адабий чыгарма”, “Жарык көрө элек чыгармаларды жасалгалоо”, “Жаңы авторлордун чыгармаларын которуу” сынагы өткөрүлөт. Журналисттер арасында “Публицистика” конкурсу да уюштурулган. Аталган сынактарга Борбордук Азия мамлекеттеринен бардык каалоочулар катыша алышат. Байге фонду 16 миң АКШ долларын түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан