Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы - Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоодо "Урматтуу маданият кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Элибиздин салт-санаасын бекем сиңирген улуттук маданиятыбыз кылымдар бою түптөлүп келди. Эзелтен кыргыз элинде маданият өзгөчө бийик бааланган. Элибиздин залкар таланттары улуттук руханий дөөлөттөрдү дүйнөгө таанытып, жалпы адамзаттын маданий мурасына татыктуу салымын кошту. Азыркы доордо элибиз маданият аркылуу гана өзүнүн нукура улуттук асыл сапаттарын сактай алат. Алдыбызда улуттук маданиятты күчтүү агартуучулук жана руханий  күчкө айландыруу милдети турат. Ардактуу маданият жана искусство кызматкерлери! Элибиздин кылымдар бою кашыктап чогулткан маданий мурасын кеңири жайылтуу менен калкыбызды жаратман эмгекке, адилеттүүлүккө жана руханий тазалыкка багыттай беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин. Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм!” деп жазылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан