Улуу британиялык дизайнер 1290 даана бриллиант ташы чөгөрүлгөн дүйнөдөгү эң кымбат туфлини жасап чыгарды

Улуу британиялык белгилүү дизайнер, 48 жаштагы Крис Шеллис мындан 3 жыл мурунку рекорддук көрсөткүчтү артка таштап, дүйнөдөгү эң кымбат бут кийимди жасап, анын бышыктыгына түбөлүккө кепилдик берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, бул бут кийим кымбат баалуу металлдан жасалып, 1290 бриллиант ташы чөгөрүлгөн. Дизайнер бул табылгасына 1000 жылдык кепилдик берип, баасын 337 миң долларга баалап, аны "Бут кийимдердин ханышасы" деп атаган.

Бул бут кийим алмаштырып турууга мүмкүн болгон кошумча батектери жана такалары менен сатылат. "Бул менин 25 жылдык чыгармачылыгымдагы эң мыкты эмгек болуп саналат. Муну жасоого америкалык музыкант Пол Саймондун «Diamonds On The Soles of Her Shoes» чыгармасы себепкер болгон",- дейт дизайнер. 

Белгилей кетсек, буга чейинки дүйнөдөгү эң баалуу бут кийим да Крис Шеллиске таандык болгон. Анын баасы 226 миң долларды чапчыган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pompowa
2014-05-15 16:41:32
Кандай гана керемет
0
Begim8678
2014-05-16 09:46:30
Бул бут кийим кайсы айымдыкы болот болду экен?
0
aibek92
2014-05-16 12:07:37
кимге алып берейин :D
0
Lavanda
2014-05-16 13:45:00
Дизайнердин колу гүл экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан