Нарын. Нарын облусу кышка даяр

Нарын облусу кышка даяр. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков КРнын Вице-премьер-министри менен болгон жолугушууда билдирди. Нарын облусу мамлекеттин алдында 90 пайыз дотацияда турат. Ушул көйгөйдөн чыгыш үчүн облуста жыл сайын атаандашуу туудурган көптөгөн таймаштар өткөрүлүп келет. Билим берүү мекемелери, мектептер жана медициналык тармактагы мекемелер жылуулук менен камсыз  болушат. Учурда 70 топ база кышка даярдык көрүп бүттү. Быйыл Нарын облусунда көмүрдүн баасы 1200 сомдон 3500 сомго чейин жетет. Ал эми айыл чарбасындагы тоют маселесине кайрылсак, 323 миң тонна кесек тоют чогултулду. Быйыл жалпысынан 42 миң гектар жерге дан эгиндери айдалып, анын ичинен аба ырайынын күзүндөгү кескин өзгөрүшүнөн улам 1400 гектар дан азыктары чөпкө чабылып кеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан