Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды таштоочу жай 1978-жылдан бери түтөп, өчпөй келет

Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Калыс-Ордо жана Ак-Бата конушунун тургундары бизге шаардык таштанды таштоочу жайдын көптөн бери өчпөй, түтөп жаткандыгын айтып кайрылышкан эле. Алардын айтымында, түтүндүн ышы жана жагымсыз жыты жашоочуларга ыңгайсыздыкты жаратууда. Ошондуктан өкмөттөн бул "таштанды тоону" башка жакка көчүрүп же андан чыккан түтүндү өчүрүп берүүнү суранышып, бирок жыйынтык чыкпай келатканын айтышат. Биз ошол таштанды жайга барып, ал жерде иштеген Бишкек шаардык "Тазалык" ЖЧКсынын кызматкерлерине кайрылганыбызда алар бул түтүн Союз убагында эле, тагыраак айтканда, 1978-жылдардан бери эле өчпөй, түтөп келе жаткандыгын билдиришти. Алардын айтымында, эгер түтүн сыртка чыкпай турса, таштандынын алдында көп жылдардан бери чогулган ар түрдүү биогаздардын жарылуу коркунучу бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан