"Пил-адам" деген тасманы баарыңыздар эле көрсөңүздөр керек. Дал ошол тасмадагы каарманга окшогон адам бүгүнкү күндө Индияда жашайт. 50 жаштагы Маннан Мондал жаш кезинен эле нейрофиброматоз - тери оорусу менен жабыркап келет.
Кызыгы, Маннан акча табуу үчүн жүзүнө операция жасатуудан баш тарткан. Анткени кебетеси анын акча табуу булагы болуп саналат. Ал кайыр сурап, күнүнө 500 сомго чейин акча каражатын табат. Маннан аялы экөө 2 кыз, 2 уулду тарбиялап келишет. "20 жаштагы кызым жакында турмушка чыгат. Акча чогултуп ага керебет, шкаф, шакек, саат жана күйөө балама велосипед алышым керек",- дейт бетин эт баскан Маннан.
Ал түрү суук кебетесинен улам мектепте да окуган эмес. "Жаш кезимде бетимдеги шишик мынчалык эмес болчу. Жыл өткөн сайын чоңоюп баратат. Дарыгерлер муну залалсыз шишик деп айтышты. Ошондой эле алар операция жасатууну сунушташты, бирок мен ынабадым. Анткени ушул кебетемди пайдаланып үй-бүлөмдү багып келем",- дейт Маннан.