Перунун борбору Лима шаарында иттердин массалык үйлөнүү тою болуп өттү. Ага 40 ит жана алардын кожоюндары катышкан. Бул тууралуу 20-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты
Белгилүү болгондой, никеге каттоо иш-чарасы чихуахуа, ши-тцу, спаниелей жана башка иттердин породасы үчүн өткөрүлгөн. Саамалыкка жараша кожоюндары жаныбарларга үлпөт көйнөгүн жана смокинг кийгизишкен. Каттоодон кийин иттер нике тууралуу күбөлүк алышып, ага иттердин колдорунун издери түшүрүлгөнү маалым болду.
Иттердин тою Ингрид Чаварри тарабынан ишке ашканы белгилүү болду. Ал иш-чаранын максаты кожоюндардын жаныбарларга болгон жоопкерчилигин ырастоо жана бышыктоо экенин айткан. Үлпөт тою болуп жаткан иттин кожоюну Мигель Гомес "булар эми бирге бактылуу жашашы керек" деген оюн билдирген.
Дал ушундай иш-чара 2013-жылы жайында Шри-Ланкада уюштурулган. Андагы үлпөт тойду жолбун иттерге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн жергиликтүү полиция өткөргөн.