Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда "Кудайберген" базары аптанын жума күнүндө санитардык тазалоодон өтөт деп билдирди. Маалым болгондой, жума күнү саат 09:00дөн 12:00гө чейин базардын айланасындагы көчөлөр жана жол жээктери тазаланат. Мындай чечим борбор калаадагы Биринчи Май райондук администрациясынын базасында кабыл алынган. Жакынкы иш-чара 23-майга белгиленген.