Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы, Лев Толстой, Жаш Гвардия, Калык Акиев, Бөкөнбаев, Камская көчөсүндөгү №2, 4, 6-көп кабаттуу үйлөрдө, Ибраимов көчөсүндөгү №57-көп кабаттуу үйдө, Москва көчөсүндөгү №54, 56, 58-үйлөрдө, Ак-Өргөө конушундагы Саринжи-Бөкөй көчөсүндө, №367, 596, 679, 1510-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы 44 ГА конушунда жогорку чыңалуудагы “Туңгуч” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчөт.