Италиянын Римини шаарында иттер үчүн пляж ачылды. Бул жайга иттери бар кардарлар гана кире алышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу жайына иттер үчүн күндөн коргоочу чатырлар, дааратканалар, тамак, суу куюлган идиштер орнотулган. Аны менен катар ойноо үчүн атайын жай да ачылган. Анда иттер бири-бири жана кожоюндары менен ойношот. Ошондой эле күнү кечке жумушта иштегендер итин бул жерге таштап кете алышат. Аларга пляждын дасыккан адистери көз салып турушат.