Австралияда денеси бир, бирок жүзү ар башка сиам эгиздери төрөлдү

Австралиянын Сидней шаарында Рене Янг аттуу айым сиам эгиздерин жарыкка алып келди. Ымыркайлар дипрозол патологиялык дарты менен жарыкка келишкен. Тагыраак айтканда, алардын денеси бир болгону менен, жүзү жана мээлери ар башка. Алар өз убагынан 6 жума эрте төрөлүшкөн жана жарыкка келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин дем ала башташкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, Рене Янг жана анын жолдошу Саймон Хоуи кыздар жарыкка келе электе эле УЗИден түйүлдүктүн патологиялык жактан жабыркап жатканын билишкен. Бирок аборт жасатуудан баш тартышкан. 
Маалым болгондой, буга чейин медицинанын тарыхында мындай патологиялык дарт менен 35 наристе төрөлгөн жана алардын бири да жашап кете алган эмес.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dastan_nookat
2014-05-22 11:48:41
Кудай сакта!
0
aikol87
2014-05-22 11:52:48
Кудай сактай кор.Эми булар жашап кетишээр бекен. Молодец аялго билсе да тороп,бизде алты саны аман торолгондорду таштап кетип жатышбайбы.
+9
aida2013
2014-05-26 10:47:54
aikol87, туура айтасын тороло электе аборт кылып жатышпайбы наристелерде эмне куноо эми булардын жашоосу кандай болот .......
0
kamyr26
2014-05-22 11:52:57
Тооба кылдым кудайым озу сактасын
+1
Mech.kg
2014-05-22 12:24:14
Мына сага акыр замандын белгилери.
-2
jazz007
2014-05-22 15:19:53
Ии кудай сактасын!
0
Gazii
2014-05-23 21:28:04
элестет, булар чон адам болсо кандай болот экен.
0
datul9_97
2014-05-23 23:58:58
Бул наристени Аллахым жаратты омур берген болсо жашайт соп соонун эле Ата-Энеси азамат экен.
0
erlan1703
2014-05-24 07:26:48
Иншаалла жашап кетишсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан