Германиялык жигит өзүнө кошумча "эки ооз" жасап, элди таң калтырууда

Өзүнө кошумча “эки ооз” жасап алган германиялык 23 жаштагы Жоэль Мигглер аттуу жигиттин бул кылыгы интернет айдыңында кызуу талкуу жаратууда. Ал 13 жашынан бери экстремалдык боди-арт жана пирсингдерди жасап келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жоэль алгач 13 жашында кулагын тешсе, кийин тилин тең ортосунан кесип, “жылан тилдүү” болгон. Андан соң эки жаагын көзөгөнгө жетишкен. Ал көзөнөктөрдү кеңейтип отуруп 36 миллиметрге жеткирген. Ал тешик аркылуу жаш жигиттин “жылан тилин”, оозунун ичин көрүүгө болот. Экстремал эми бул көзөнөктөрдү 40 миллиметрге жеткирүүнү пландоодо.

Жоэль көчөгө чыкканда элди чочутуп албоо үчүн жана тамак жегенде кошумча “эки оозун” атайын капкактар менен жаап алат экен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
kirpik
2014-05-22 17:38:28
тишин оягынан-быягынан жууп эле жыргайт го
хихихихи
+2
musi222
2014-05-22 18:22:54
тообо кылдым,жараткан кечир куноокор пенделеринди.
+2
chinko
2014-05-22 20:24:31
Адамдын тиши карыганда аазуусунан бузула баштайт, ошондо ошол тиштерин жашыралбай кыйналатко чиркин.
0
erali
2014-05-22 22:12:13
Европада эркек менен аялдын айрымасы жок болуп калган учур,эми аларга кудай берген бир ооз аздык кылып жаткан экен да.Оюна келгендерин жасай беришсин.
0
peri...97
2014-05-22 23:32:11
Астафираллах....
+1
Kg93
2014-05-23 00:14:16
Ujasss
0
demo009
2014-05-23 00:49:57
Бир күнү мээни көрүгө болот деп,башын дагы тешип чыгат бул ужас.
+2
isiasem
2014-05-23 12:18:31
demo009, ошону айтсан хахаха
+1
jeju
2014-05-23 12:20:22
Тооба кылдым. Аллах белек кылган денелерибизди кайра аман бойдон бутун бойдон тапшыралы Аллахга.
+1
guli-1980
2014-05-23 12:50:24
Иши жок итин мугарат дегендей эле кылыптырда
0
Mukay
2014-05-23 17:40:41
Фууу
0
Tahmina94
2014-05-23 21:19:10
Шумдугун куурулгур,оозунун капкагын жаап албаса жеген тамагы тушуп кетет го
0
datul9_97
2014-05-23 23:54:05
Кудаай адам баласы кайда баратат? Биз эмне мынча бузулуп жатабыз? Аллазым озу бизди туура жолго салсын!
0
Aikoo2014
2014-05-28 21:30:41
Атын чыкпаса жер ортто кылыптырго. Тообо кылдым,кандай эле балээлерди чыгарып жатышат. Озуно жакса болду,жыргап журо берсин.
0
Lukrecia
2014-10-08 18:42:30
Тообо десе. Кайдагы кылыктарды кылт. Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно деген ушу да. Канчалар ден соолугун чындай албай журсо мунун кылган кылыгын кара. Тешилбеген жери жок го. Просто смотреть противно.
0
machobek17
2017-04-02 00:13:43
Астафираллах


0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан