Жумгалда 3 айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан милиция кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 22-майда маркумдун жакындары билдиришти.
Маалыматтарга караганда, кечээ Жумгал дарыясынан дайынсыз жоголуп жаткан милиция кызматкери Рустам Токтогуловдун жансыз денеси табылган.
Эске сала кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган болчу.