Жалал-Абад. Укук коргоочулардын 88 жылдыгы облуста кызуу белгиленди

1-ноябрь күнү Кыргыз милициясынын 88 жылдыгы Жалал-Абадда кызуу белгиленди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз катчысы Аида Зулпукарова маалымдайт. Майрамдык салтанат милиция кызматкерлеринин, облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын, укук коргоочулар жана облус жетекчилеринин катышуусу менен Барпы театрынын алдында өттү. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Малик Апсаматович Нурдинов тарабынан бул салтанатка көп жыл милиция тармагында эмгектенген кызматкерлер жана Ички иштер башкармалыгы менен тыгыз байланышта болуп, ага көмөктөшкөн атуулдар чакырылды. Быйылкы жылы коомдук тартипти көзөмөлгө алууда, кылмыштардын бетин ачууда өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтө алган 150гө жакын милиция кызматкери акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар, баалуу белектер жана чиндер менен сыйланышты. Андан тышкары милиция кызматында эмгегин арнаган ардагерлерге сый тамак тартууланды. Ошондой эле эл менен тыгыз кызматта болуп, кылмыш ишине каршы күрөшүүдө жетишкендиги, милдетин аркалоодогу күжүрмөндүгү үчүн Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Апсаматович Нурдинов УККнын 9-башкы бөлүмү тарабынан II даражадагы төш белги менен сыйланганын кошумчалайт басма сөз катчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан