Улуу Британияда тубаса Беквит-Видеман синдрому менен жарыкка келген, тагыраак айтканда, тили оозуна батпай калган кызга жасалып келген операция ийгиликтүү аяктады. Башынан 3 операцияны өткөргөн 4 жаштагы Оливия ден соолугу жакшырып, учурда туура сүйлөгөндү үйрөнүп, мектеп босогосун аттоого камынууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Оливиянын ата-энеси кыздын мындай синдром менен төрөлөрүн УЗИден, түйүлдүккө 7 ай болгондо билип, нес болушкан. "Кызым жарыкка келгенде бир мүнөткө жетпеген убакыт гана менин колумда болду. Дарыгерлер аны дароо алып кетишкен. 8 сааттан кийин кызымды көрдүм. Тили оозунан салаңдап чыгып туруптур. Бирок мен андан чочуркаган жокмун, мээримимди төгүп турдум",- деп эскерет Оливиянын энеси ал жарыкка келген күндү.
Оливияга алгачкы операция 2010-жылы, 6 айлык кезинде жасалган. Андан кийин да эки жолу операция жасалып, тамак жегенге жана өз алдынча дем алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.