Польшанын тургунунун төрөтү 75 күнгө созулуп, "дүйнөдөгү эң узак төрөт" деп катталды

Польшанын тургуну Иоанна Кжиштонектин төрөтү 75 күнгө созулуп, "дүйнөдөгү эң узак төрөт" деп катталды. Боюна үч эмди көтөргөн айымдын толгоосу түйүлдүктүн 21 жумасында башталган. Жарыкка келген ымыркай ошол замат чарчап калган. Калган эки наристенин өмүрүн сактап калуу максатында дарыгерлер анын толгоосун дары-дармектер менен токтотушкан. Мындан кийин жамбашына кан куюлуп кетпеш үчүн Иоаннаны тикелетилген керебетке жаткырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, эки наристе: Ига жана Игнасий өз маалында, ден соолугу чың болуп төрөлүштү. "Мен калган балдарымды сактоого мүмкүн экендигин укканда баарына даяр болдум. 3 ай ордумдан жылбай, тикелетилген керебетте жаттым. Албетте, мындай абалда жатуу кыйын болду. Азыр ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Өзүмдү бактылуу эне катары сезип турам",- дейт эне бактысына ээ болгон айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
upol92
2014-05-28 07:21:32
Балдары ар дайым бактылуу аман болушсун.
0
nurgul-92
2014-05-28 12:36:41
Kagylaiyn kudai atinan ailanaiyn kantip chydadi eken biz1.5kundo olup kaira tirildik go,az kalsa ozumdun boiumdu 2chi kabattan tashtap jiberiyn degem oorunu kotoralbai
0
shiko
2014-05-30 04:31:06
Бала учун эне эмнеге гана барбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан