"Google" компаниясы алгачкы рулу жок унааны иштеп бүттү. Бул унааны ушул жылдын соңунда эл алдына тартууламакчы. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда чет элдик маалымат каражаттары компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Бриндин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Брин өз сөзүндө бул унаа компаниянын 8 долбоорунун алкагында жашыруун лабораторияда жасалгандыгын айткан. "Компания үчүн жаңы нерселерди ойлоп чыгаруу маанилүү. Буюрса, бул унаа чыккандан кийин эки жыл өтпөй автоөндүрүшү өзгөрөт, унаалар өзүн-өзү башкарып калышат",- дейт.