"Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Дастан менин баламды өлтүргөн". Бул тууралуу 2006-жылы бычактан жараат алып, ооруканада каза болгон Азим Чикеевдин апасы Жамила Чикеева SUPER.KG порталына бүгүн, 29-майда билдирди.
“Менин балам Азим Чикеев Бишкек шаарындагы №5-гимназияда окучу. 2006-жылдын 27-февралында Азим бычактан жараат алып, ооруканага түшкөн. Тилекке каршы, 7 сааттык операциядан кийин балам каза болуп калды. Аны параллель класста окуган Даниэль Бурканов деген бала бычак менен сайып салыптыр. Даниэлдин атасы “баламдын акыл-эси кем” деген маалым кат алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп алган. Ошол бала "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында Дастандын ролун аткарыптыр”,- дейт Жамила Чикеева.
Бул боюнча бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров маселе көтөрүп чыккан.
Ал эми аталган тасманын режиссёру Руслан Акун буга таң калып жатканын айтат.