“Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Дилгер Жапаров "Кумтөр" ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен" деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр” долбоору боюнча кылмыш ишин козгогон.
Маалыматтарга караганда, 2013-жылдын 6-декабрында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын Директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, “Центерра Голд Инк.” ишканасына мыйзамсыз түрдө 200 миллион доллар дивиденд төлөп берүү чечими чыгарылган. Көп өтпөй акча канадалык ишканага которулуп берилген.
Учурда Дилгер Жапаров убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.