Ош шаарында милиция кызматкери Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

Ошто ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинен билдиришти. Кечээ, 11-январда иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган Жылдызбек Карамбаев аттуу, мурда бир канча ирет соттолгон жаран кармалды. Учурда Бишкектеги УМККнын СИЗОсунда кармалып жаткан, кылмышка шектүү Жылдызбек Карамбаевди Ош шаарына ыкчам иликтөө ишин жүргүзүү үчүн алып баруу маселеси каралууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан