Бүгүн, 30-майда саат 18:00 чамасында катуу шамалдан улам Бишкектин Москва менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде дарак аялдамага кулап, кырсыктан бир адам каза тапты. Дарак басып калган жаран болжол менен 50-55 жашта экени белгилүү болду. Маркумдун сөөгүн Куткаруу кызматы алып кетти.
Учурда окуя болгон жерде ИИМдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатышат. Маалым болгондой, аялдамада эки адам турган, чакырылган "Тез жардам" кызматы жаракат алган жаранды алып кеткен.