Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер арасында коомдук ишмер жана саясатчы Мелис Эшимканов атындагы сынак жарыялайт. Сынакка гезит, теле жана
радио, интернет
тармагында эмгектенген бардык
журналисттер катыша алышат. Сыйлык ээси
9-декабрда аныкталып, 100 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылмакчы. Сынакка
катышуу үчүн макала, маек, журналисттик эмгектер ушул жылдын 30-ноябрына чейин
гана кабыл алынат. Конкурстун
толук шарттары менен
www.eshimkanov.kg
сайтынан тааныша аласыздар.