Чикагодо өткөн жарышта америкалык Мишель Леско 10 мүнөттө сосиска менен жасалган 28 май токоч жеп элди таң калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мишелдин өз салмагы 50 килограмм. Ал мелдеште Эрик Букер аттуу жигит менен таймашып, бир май токочко көп жеген. "Уюштуруучулар быйыл мелдештин шартын оор кылышыптыр. Мурда батыраак жеш үчүн биз сосиска менен нанды ажыратып алчубуз. Нанды сууга чылап, анан жечүбүз. Ал жумшарып, чайнаганга оңой болчу. Сынактан соң даамдуу салат жегим келди",- дейт.
Азырынча 30 жаштагы Мишель сынактын тандоо турунан гана өттү. Сынактын финалы АКШнын Көз карандысыздык күнүндө, 4-июлда өтмөкчү. Шарт боюнча, жеңүүчүгө чемпиондук кур, бир жылга жетчү хот-дог жана 10 миң доллар акчалай сыйлык берилет.