Кытайда жаңы тренд, тагыраак айтканда, эне сүтүнөн жасалган самын пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул тренддин негиздөөчүсү - баласы эмчек эмүүдөн баш тарткан аял. Ал өз эмчек сүтүнөн мамалак, балык, таш баканын формасында самын жасап, Кытайдын соода сайттарына чыгарып сата баштады. Анын ийгилигин көргөн башка энелер да ушундай жолго өтүшүүдө. Бирок илимде эне сүтүнөн жасалган самындын пайдалуулугу тууралуу тастыкталган маалымат жок болгондуктан, дарыгерлер энелерден мындай жолго баруудан алыс болушун суранышууда.