Алайда жол тоскондордун айынан 3 айлык ымыркай каза болгону айтылууда 

Алайда жол тоскондордун айынан 3 айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 31-май күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Гүлчөдөгү ооруканада 3 айлык ымыркайдын каза болгону айтылган. Шаани аттуу таенесинин айтымында, Алай районунун Үч-Дөбө айылынан келе жатканда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары жолдон өткөрбөй, бир топко кармап турушкан. Мындан улам ооруканага кеч жетип, ымыркай каза болуп калган.  

Айта кетсек, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан. Мунун айынан баалар жогорулап, жүк ташуулар төмөндөгөнү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
striker
2014-06-02 13:44:54
жөнөшкөн. Буга чейин жергиликтүү фельдшер наристеге жардам көрсөтүүгө аракет кылган, бирок, чоң энеси антибиотик алуудан баш тартып койгон. Ошентип, үйдө дагы бир жумадай кармап отуруп, Сопу- Коргондон медайымдын коштоосу менен район борборуна жөнөшкөн. Ош - Эркештам жолунун тосулуп турган аймагынан алар эч кандай тоскоолдуксуз эле өтүшкөн ,-деп билдиришти ооруканадан. Алар
+3
striker
2014-06-02 13:45:54
Алар кошумчалагандай, ымыркайдын жакындары баланын денесин ачтырган эмес жана эч кимге доосу жок экендигин тил катта жазып беришкен.
+5
Afrodita-12
2014-06-02 13:46:31
Туура эмес да ушул. Ушундай кантип болсун! Булар учун канча адам кайгыда калды. Бул ымыркайдын куноосу кимде? Келдибеков жооп берет бекен?
+7
striker
2014-06-02 13:52:23
Мына такталган маалымат. Супер Инфо силер да тактап койосунар деген умуттомун.
+2
admin_portal
2014-06-02 14:37:13
striker, Саламатсызбы!
Тактап, кошумча маалымат бергенге аракет кылабыз.
0
acer11
2014-06-02 14:25:44
Сопуда жол машиналар учун гана тосулган жургунчулор эч бир тосколдуксуз отуп журушот каалагандай. Алардын талабы 1 гана Келдибековду уй камагына чыгару. Жургунчулор отуп жатышат тосколдуксуз. Оштон барган машиналар тамчыга барып жургунчулорун тсмонун наркы келген жургунчулорду алмаштып таксистер тиргилигин откозуп жатат баалар эч кандай которулгон эмес. Бардык жалган маалыматтар Келдибековду тарапташтарын каралоо деп тушуном.
+2
Tentek1
2014-06-02 14:27:14
Негизи ушул жол тоскондорго тан калам,тынч эле уйундо оокатын кылып жата бербейби,Анча мынча акча берип койсо эле кыйкырып чыга калышпай.А.Келдибеков чыкса эле буларды жыргата коймок беле,Кана Ташиев,Садыров, камалганда кунуго митинг кылып жатышты эле,Ташиев,Садыровдор эркиндикке чыгышты.Ташиев,Садыровдор митинге чыккандарга азыр жардам бердиби,албетте берген жок,и жардам бербейт дагы.Биздин жегич чондорду коргобой уйунорго барыа оокатынарды кылсанар жакшы болот эле.А биздин жегич чондорду Алла
+2
sibiryak
2014-06-02 15:29:27
Tentek1, Эмне сага алар бекер чыгып жатат дейсинби,Берген тыйынын алып анан чыгып жатат да.Болбосо ким эле оокатын таштап,куйгонунон чыгып атат дейсинби.Болушу мумкун 5-6 туугандары жандары ачышып,чын-дилинен жол тосуп.
+1
Biinura
2014-06-02 14:55:45
Шумдук го! ХХХ!
0
admin_portal
2014-06-02 15:00:15
Biinura - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
askat1985
2014-06-02 15:07:06
камаш керек асманга ок чыгарып койгула
0
striker
2014-06-02 16:35:01
askat1985, Алайлыктар октон коркондо 2010-жылы эмес. Тээ 1990-жылдагы окуяда эле Ошту озбектерге алдырып жибермекбиз. Ок чыкса абал курчуп кетиши мумкун.
0
Biinura
2014-06-02 15:33:08
Идиотизм!
+2
nur.ai
2014-06-02 16:13:05
Tentek 1 сен окшогондор дун айынан Кыргызстаныбыз онолбой жатат,себеби кыргыз эли учун куйбойсунор акты ак караны кара деп ажырата албайсынар элим жерим деген жигиттерин камап олтурат Ушул бийлик
-1
demo009
2014-06-02 20:17:56
Ошол элим жерим деп куйгон Келдибековдун тарапташтарында мээ жок экен,жок дегенде тез жардамга жолду ачып берип коюшпайбы,кара жоргого бийлегенден көрө.
+3
gulperi.kg
2014-06-02 21:32:45
Ошол куноосуз наристенин олумунон да келдибековдун эркиндиги бийик экен да
0
aibek123
2014-06-02 23:19:39
ушу келдибеков чыкысн дегенге негизи каршымын ак болсо чыксын кара болсо камалсы мисалы мырзакматов кам алса анда митинк кылса анда тура деп эсептейт элем бирок камалбай эле койсун
0
danok88
2014-06-03 03:49:22
ушу наристени олуму учун дагы 10жыл берилсин бул келдибековго толомойунчо чыкпасын актап жиберчиленер акмак элди курал кылып пайдаланып жатат
0
chalkan
2014-06-03 09:01:11
Бекер тамак, бекер арак, кунумдук айлык, кундо бий анан кантип откорот. Буларды чегарага коюп коюш керек экен Акматбектин спонсорствосу менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан