Нарын. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнүнө арналган жыйын өттү

31-октябрь күнү Нарын шаардык мэриясынын кезектеги коллегиясынын отуруму жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнүнө арналган жыйын облустук Жаштар ордосунун залында болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет.

Шаар мэри Б.Жээналиев Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2012-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, билим берүү, медицина жана тейлөө тармагынын жетекчилерине кетирген кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттенмелерди койду. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен кесиптештерин куттуктап, шаардын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн эмгектин алдынкыларына Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын сыйлыктарын тапшырды. Кече шаардык маданият кызматкерлеринин чакан концерттик программасы менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан