Боливияда дүйнөдөгү эң бийик асма жол ишке киргизилди

30-майда Боливияда дүйнөдөгү эң бийик асма жол ишке киргизилди. Анын бийиктиги 4150 метр. Бул жол өлкөнүн борбору Ла-Пас менен Эль-Альто шаарын бириктирип, узундугу 10 чакырымды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, асма жолдун ачылышына Боливиянын президенти Эво Моралес жана вице-президенти Гарсия Линер катышты. "Бизге эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аябай кубанычтабыз",- дешет өлкөнүн борборуна каттап иштеген Эль-Альто шаарынын тургундары. 

Белгилей кетсек, буга чейин дүйнөдөгү эң бийик асма жол катары Индиядагы Гульмарг жолу эсептелинип келген. Анын бийиктиги 4114 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aitowa11
2014-06-05 00:08:56
Коркунучтуу болсо керек
+3
abaychik
2014-06-07 23:39:39
Парктагы атракционго тушуштон да корком))).
0
Kanat8427
2014-06-08 00:08:05
Адамдын кылбаганы жок. Келменди келтирген бойдон кетесинго ))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан