Бабырбек Жээнбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Бабырбек Жээнбеков өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди. 

Эскерте кетсек, жакында "Кудайберген" базарынын ээсинен пара талап кылуу фактысы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалган. Кармалган кызматкер акчаны өзүнүн жетекчиси Бабырбек Жээнбековго бере турганын айткан. 

Бабырбек Жээнбеков аталган кызматка 2013-жылдын 7-мартында мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бекитилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан