Кара-Буура районундагы катуу шамал 30 үйдүн чатырын талкалап кетти

Талас облусунун Кара-Буура районунда 12-13-январь күндөрү болгон катуу шамал Шекер, Кайнар, Көк-Сай жана Аманбаев айылдарында 30 үйдүн чатырын талкалап, шиферлерин учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, шамал 30 турак үйдүн 548 чарчы метр чатыры менен 402 шиферди, сарай, бастырмалардын 91 чарчы метр чатыры менен 251 шиферди учуруп кетти. Маалымдалгандай, ал күнү шамалдын ылдамдыгы секундуна 20 метрге чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан