Талас. Өрт өчүрүүчүлөр арасында Спартакиада жыйынтыкталды
Талас облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн
алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдирет.
2012-жылдын 1-ноябрында аталган башкармалыктын бөлүмдөрүнүн арасында Күзгү Спартакиада болуп өттү. Анда
спорттун 5 түрү камтылды: өрт-колдонмо спорту, футбол, волейбол, 5 чакырымга
жана 100 метрге чуркоо. 4 райондон жана Талас шаарынан келген 5 команданын
ортосундагы мелдеште Талас району 1-орунду, кара-бууралыктар 2-орунду,
бакай-аталыктар 3-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кубок, акчалай сыйлыктар жана
грамоталар тапшырылды.