1-ноябрда Талас районунун Орто-Арык айылынын чет жакасында жайгашкан кашарда өрт чыккан. Кашар ээсинин көрсөтмөсү боюнча, өрт көп жылдан бери жаткан көңдөн чыккан. Аны ким өрттөп жибергени белгисиз.
Ушул эле күнү Талас районунун Хан-Бүргө айылынын Абдрасул көчөсүндө жайгашкан үйдүн чарбагында жыйылган 3 тонна чөп өрттөнүп кеткен. Өрт жаш балдардын ширеңке менен ойноосунан чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр убагында барып, чөпкө кошо үйдүн өрттөнүп кетүүсүнө жеткиришкен эмес.