Депутаттар "Кумтөр" жана газ маселесин талкуулоого журналисттерди катыштырбоону чечишти
Жогорку Кеңеште депутаттар "Кумтөр" жана газ маселесин талкуулоого журналисттерди катыштырбоону сунушташууда. Айрым депутаттар бул эл аралык маселе экенин, мында айтылган айрым сөздөр өлкөлөр ортосундагы мамилеге зыянын тийгизип коюшу мүмкүндүгүн айтышты. Жыйынды жабык форматта улантууга 52 депутат "макул", 22 депутат "каршы" деп добуш беришти.