Нарын облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз облус деп табылды

Нарын облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз облус деп табылды. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.

Ага таянсак, Нарын облусунун калкынын 54,7 пайызы Бажы биримдиги боюнча кабардар эмес жана облустун 3,7 пайызы гана аталган уюмдун мүчө мамлекеттерин билет экен. Ал эми Ош облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң көп облус болуп табылды.

Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, анда 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам суралган. Сурамжылоону "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meka93
2014-06-12 16:48:08
маалымат толук жетпесе ошондой болот да. нарын элине значит маалымат жетпетир да. баарына бирдей караш керек.
+1
zhanarbek80
2014-06-12 23:37:27
нарын емес буткул кыргызстан десенер мен билгенден биздин райондо еч кандай маалымат берилген жок уктап уктап туруп алып айта берет екенсинер да азыркы бийликке грамм дагы ишеним калбадыго елде. баардык нерсеге коз жумуп келет бирок бир нерсени естен чыгарбоо керек ел толкуса аягы жакшы болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан