Ысык-Көлгө бир адам чөгүп кетти

Ысык-Көлгө бир адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда маалымдады.

Белгилүү болгондой, 15-июнда Каракол шаарында саат 13:00 чамасында 1984-жылы туулган П.Сенафонтов мас абалында достору менен Ысык-Көлгө түшүп баштаган. Сууга чумкуп кеткен П.Сенафонтов ошол бойдон чыккан эмес.

Окуя болгон жерге барган КРнын ӨКМнын №15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок натыйжа болгон эмес.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан