14-январда саат 18:00 чамасында Талас облусунун Бакайыр айылындагы 500 кой тоодон кулап түшүп, алардын 100ү өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Тоодон кулап түшкөн 500 кой аталган айылдагы 6 адамдын малы болгон. 100 кой адалдап союлуп, айыл тургундарына бөлүнүп берилди. Ал эми мал ээлери эч кимге доосу жок экендигин билдиришти.