Жогорку Кеңештин регламентине түзөтүү киргизүү демилгеси сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында депутат Курмантай Абдиев көптөгөн депутаттардан регламентке өзгөртүү киргизүү сунуштары түшүп жатканын билдирди. Ошондон улам мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш жыйындарын өткөрүү тартибине жана добуш берүү ыкмасына өзгөртүү киргизилип жатыптыр. Ал ЖКнын жыйындарын шаршемби, бейшемби, жума күндөрү саат 9:00дөн 13:00гө чейин өткөрүүнү сунуштоодо. Ал эми дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү парламенттин тармактык комитеттеринин жыйындары өтөт. Фракциялардын жыйындары депутаттар өздөрү тандаган күнү түштөн кийинки убакытта өткөрүлмөкчү. Депутат Эркин Сакебаев парламент жыйындарын ыраатка салып, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күнү өткөрүү керектигин, жума күнү фракция жыйыны, ал эми дүйшөмбү күнү комитет жыйындары болсо туура болорун айтты. Мындай кадам депутаттардын жыйындарга катышуусун жакшырта турганын кошумчалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан