Тажрыйбалуу куудулдар менен жаш "тамашоучулар" комедиялык тасмада баш каармандардын образын жаратышууда
Бүгүн super.kg`нин "Соңку кабарлар" бөлүмүнө режиссёр Аман Замир тажрыйбалуу куудулдар менен жаш "тамашоучулардын" башын бириктирип комедиялык тасма тартып жаткандыгы маалым болду. Тасмада кемпиринен айрылып, шаарга аял издеп барган абышка жөнүндө баяндалат. Башкы ролдорду ойноо куудулдар Жамбыл Камчиев менен Күмөндөр Абыловго ишенип тапшырылыптыр. Мындан тышкары тасмадан "тамашоучулар" Зияш ("KG 77" командасынын капитаны), Эмил жана Саматты (экөө тең "Ак-Өргө сity" командасынын өкүлдөрү) көрүүгө болот. Учурда тасманын 80% тартылып бүтүп, премьерасы 2013-жылдын февраль айына пландаштырылган. Тасманын аталышына токтолсок, аталышы азырынча бекитиле элек экенин жана убактылуу "Мачо" деп аталып жатканын билдик.