Бишкектеги китепканалардын арак сатуучу дүкөндөргө айланып кеткендиги айтылды

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар ижарага берилип кеткен китепканалар боюнча маселени көтөрүштү.

Алардын айтымында, айрым китепканалар дүкөнгө айланып, ичинде арак сатылып жатат. Буга Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова жооп берди. Анын айтымында, Бишкекте 28 китепкана бар, алардын үчөө ижарага берилген. “Ушул 3 китепкананы кайра кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Тилекке каршы, учурда балдар жана улуулар китепканаларга барбай калышкан. Элди китепканаларга тартуу үчүн жаңы долбоорлорду жана технологияларды орнотууну пландап жатабыз”,- деп жооп берди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TolonturCN
2014-06-26 18:47:42
Negizi Bishkek shaaryndagy arak dvkondor kitep dvkondorgo ailangany menen jakshy kabar bolso bolmok ele.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан