Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Мирлан Жээнчороев шаардын Түштүк магистраль-Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайды жок кылуу маселесин кайра көтөрдү.
Бул тууралуу мэр Кубанычбек Кулматов: “Мэрия бул маселе боюнча эч нерсе кыла албайт. Аталган май куюучу жайды куруп жаткан уюм менен соттук иштер жүрүп жатат. Соттун токтомун күтүп жатабыз. Ошого ылайык иш жүргүзөбүз”,- деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 19-ноябрында Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында АЗСтын иштешине жол берилбесин жарыялаган.