Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 34 депутат катышууда. Учурда танапис жарыяланды.
Айта кетсек, аталган сессияда Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук буйруктарынын аткарылышы боюнча отчёту, 2014-2018-жылга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн “Ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары” аттуу программасын кабыл алуу жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши боюнча отчёту каралууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши 45 депутаттан турат.