Бишкекте насыбай сатууга тыюу салуу кайра сунушталды

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Мирлан Жээнчороев Бишкекте насыбай жана энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады.

Буга вице-мэр Айгүл Рыскулова: “Эгер насыбай сатууга тыюу салсак, бул көйгөйдү мындан да курч кылып салышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу тиешелүү долбоорлорду иштетип жатабыз. Ал эми энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу сала албайбыз. Анткени Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргендиктен, келишимдин эрежелерин буза албайбыз”,- деп жооп берди.

Эскерте кетсек, буга чейин 2014-жылдын 18-мартында насыбай жана энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadasdasd
2014-06-25 11:57:10
Сатпай койсо эле чекпей калбайт. Ар ким Колго жасап андан зыяндуусун колдонот.
0
tolkun85
2014-06-25 13:02:48
адамдын жашына чектоо коюш керек сатканга,мэ балам барып сигарет же насвай алып кел дегендерди токтотуш учун
0
Murok
2014-06-25 14:22:23
Байка сам насвай чеккендер аябай коп, мунун зыяны жонундо коп маалымат таратыш керек, баасын да кымбаттатып салыш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан